Биз менен байланышыңыз

Министрлик: ЖОЖдордун окуу акысы азайтылбайт

Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 489 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги окуу акысын азайтууну туура эмес деп эсептейт. Анткени жогорку окуу жайларда сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу үчүн кызматкерлерге эмгек акы төлөө керек.

Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратованын айтымында, өлкөдө жогорку окуу жайлардагы контракттык негизде окутуунун орточо баасы жылына 28 544 сомду түзөт.

Анын 76 пайызы окутуучулардын эмгек акысына бөлүнөт. 22,4 пайызы коммуналдык чыгымдарга жумшалат, 1,4 пайызы материалдык-техникалык базаны чыңдоого бөлүнөт.

Буга чейин бир катар окуу жайлардын студенттери, ата-энелери дистанттык окутуу учурунда окуу акысын 50 %га чейин азайтууну суранышкан.

Copyright © 2017 Maral FM