Биз менен байланышыңыз

Студенттер февралдан тарта кадимки режимде окушат

Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 1515 | 0

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын студенттери февраль айынан тарта кадимки тартипте окуу режимине өтөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров маалымат жыйында кабарлады.

Университеттердин жана кесиптик окуу жайлардын билим берүү процесси офлайн режимге февралдын башында же ортосунда өтүп калышы мүмкүн. Студенттер окуу жайга жумасына 2-3 жолу эле барып, практикалык жана лабораториялык сабактарга катышат. Ал эми лекциялык сабактар онлайн режимде өтөт.

Окуу тартиби ар бир окуу жайда студенттердин санына жараша түзүлөт. Практикалык сабактар учурунда бир аудиториядагы студенттердин саны 15-20дан ашпоого тийиш. Танапис учурунда студенттердин топтолуусуна жол берилбейт. Массалык иш-чаралар өткөрүлбөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM