Биз менен байланышыңыз

Мугалимдердин иш кагаздары кыскартылды

Кыска кабар | 12 Янв 2021 | 1364 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылдын башынан тарта жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери тарабынан жүргүзүлгөн бир катар документтерди кыскартты.

Төмөнкү документтерди жүргүзүү милдеттүү эмес деп табылды:

-Көчүрүү экзамендерине байланыштуу документтер (9, 11-класстардагы мамлекеттик аттестациялоонун документтеринен башкалары);

-Мугалимдин портфолиосу;

-Өзүн-өзү өнүктүрүү папкасы;

-Аткарылган иштер боюнча фотоотчеттор;

-Микроучасток боюнча балдардын маалыматтарын топтоо;

-Аскер комиссариаты үчүн маалыматтарды, материалдарды жана бланктарды толтуруу;

-Окуу кабинетинин паспорту;

-Пландалбаган иш-чараларга, мааракелерди өткөрүүгө жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин ишмердиги менен байланышпаган иш-чараларга байланыштуу документтер.

Документтердин санын кыскартуу зарылчылыгы мугалимдердин кайрылууларына байланыштуу болду.

Алар убактыларынын көпчүлүгү ар түрдүү отчетторду, документтерди толтурууга кетип жатканын айтышкан.

Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде мугалимдердин кагаз иштери 50 пайызга чейин кыскартыларын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM