Биз менен байланышыңыз

Нарында таштандыларды сорттоого арналган граффити пайда болду (сүрөт)

Кыска кабар | 12 Янв 2021 | 355 | 0

Нарын шаарындагы мектептердин биринде адамдардын саламаттыгы жана бакубаттуулугун сактоо үчүн таштандыны сорттоо, аны туура иштетүүгө багытталган гарффити пайда болду.

Нарын шаарындагы №7 Матен Сыдыков атындагы орто мектебинин дубалына түшүрүлгөн сүрөттү тартуу иши DOXA арт кыймылы, Сорос Кыргызстан уюму жана “Шааркана” жаштар институту менен биргеликте жасалган.

Уюмдун Инстаграмдагы маалыматына караганда, жакында мектептин имаратында таштандыларды сорттоочу борбор ачылат.

DOXA арт кыймылына мүчө сүрөтчү Сергей Келлер пандемия учурунда медиктерди колдоо максатында Улуттук госпиталдын имаратынын дубалына медик аялдын сүрөтүн түшүргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM