Сокулук районунун Жаңы-Конуш тилкесиндеги 14-үйдө батирдин 10 чарчы метр бөлмөсү күйгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, өрттүн кесепетинен 4 адам жабыркаган.
Анын экөө эркек, экөө жаш кыз. Алар иске ууланып, райондук ооруканага жеткирилген.
Мындан тышкары, 8 адам эвакуацияланган. Өрттүн себеби такталууда.