Биз менен байланышыңыз

Референдумдун алдын ала жыйынтыгы: Президенттик башкарууну элдин 81 %ы тандады

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 936 | 0

Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо үчүн бүгүн президенттик шайлоо менен бирге референдум өттү. Cаат 18.00гө карата референдумга катышкандардын саны 1 млн 192 миң 119 болду. Бул жалпы шайлоочулардын 33,45 пайызын түзгөндүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымдады.

Алдын ала алынган автоматтык урналардын эсептөөсүнүн негизинде «президенттик башкарууну» тандагандар 81,43%, «парламенттик башкарууну» 10,54% жана «баарына каршы» 4,38%ды түзгөн.

Референдум өттү деп табылышы үчүн жалпы шайлоочулардын 30%ы катышуусу шарт.

Референдумда өлкөнүн башкаруу формасы аныкталат. Анда төмөнкү варианттар сунушталган:

-президенттик башкаруу;
-парламенттик башкаруу;
-бардык варианттарга каршы.

Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум үчүн добуш берүү аяктады. Өлкө ичиндеги 2474 шайлоо тилкеси эртең мененки саат 08.00дө ачылган. Добуш берүү кечки саат 20.00гө чейин жүрдү.

Чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылган. АКШнын борборундагы шайлоо тилкесинде добуш берүү таңга чейин уланат.

Добуш берүүгө катышууга жалпы 3 млн 563 миң 574 шайлоочу укук алган.

Коомчулук жана саясий серепчилер быйыл жарандардын шайлоого катышуусу төмөн болгонун айтышууда.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM