Биз менен байланышыңыз

«Бийликке келсем, 5-октябрдан кийин кабыл алынган чечимдерди жокко чыгарам»

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров бийликке келип калса, 2020-жылдын 5-октябрынан кийин кабыл алынган чечимдердин баарын жокко чыгарып, конституциялык талаага кирип, ишти мыйзам чегинде жүргүзөт. Бул тууралуу Мадумаров бүгүн, 10-январда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берип жатып билдирди.

«Шайлоонун жыйынтыгы кандай болорун ар бир талапкер өзү ойлойт. Мен үчүн жеңиш болот. Биз да ушундай ойдон алыс эмеспиз», — дейт Мадумаров.

Ал өлкөдөгү саясий туруктуулук шайлоонун жыйынтыктарынан көз каранды экенин белгиледи.

«Шайлоо бүткөндөн кийинки абал кимдин кандай добуш алганына байланыштуу болот. Эгерде жапайычылык жол менен эле жеңип кетебиз деген болсо, көпкө узабайт. Бул жакшылыкка алып барбайт. КМШ өлкөлөрүнүн парламент мүчөлөрү менен болгон жолугушууда биз эгерде кандайдыр бир мыйзамсыз жолдор менен кете турган болсо, аракеттер ошого жараша болорун айттык. Жер-жерлерде болуп жаткан мыйзам бузуулардын баарына эл тарабынан кандайдыр бир реакциялар болот», — дейт талапкер.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM