Биз менен байланышыңыз

Өрттүн кесепетинен Абхазиянын жарымы жарыксыз калды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Янв 2021 | 895 | 0

Абхазиянын жарымы — Сухум, Гагра, Гудаут аймактары жаңы жылдан бери басылбай жаткан өрткө байланыштуу жарыксыз калды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн «Черномэнерго» ишканасы билдиргенин «РИА Новости» маалымат булагы жазды.

Абхазиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка таянып айтсак, учурда Грузия менен чектеш Галск районундагы тогуз айылды каптаган өрт өчүрүлдү.

Бирок Гагрдагы токойдон өрт чыгып, анын кесепетинен таштар кулап, башкы трассаларды жаап калды. Кийинчерээк Абхазиянын ӨКМи күчтүү өрттөн жаралган жагдай турукташканын билдирди.

8-январга караган түнү Гагрдагы өрт турак үйлөргө чейин жакындап келген. Чыккан өрт ушул күнгө чейин өчүрүлбөй турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM