Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев: Жубайын сабады деген маалымат калп

Кыска кабар | 9 Янв 2021 | 995 | 0

Депутат Жанар Акаев үй-бүлөсүндө баары тынч экенин билдирип, социалдык тармактагы баракчасында жазды.

«Урматтуу достор, өзгөчө журналисттер, «Жанар Акаев аялын сабады» деген маалымат таптакыр чындыкка дал келбейт. Андай болушу мүмкүн да эмес. Муну кайсы булак, эмнеге таянып билдирди? Же ар бириңерди үйгө чакырайынбы? Баса белгилеп айтып коёюн, андай болгон эмес, эч качан болбойт дагы», — деп билдирген.

Ошол эле учурда Жанар Акаевдин жубайы да Твиттер баракчасында: «Менде баары жайында. Эч кайсы жакка, эч кандай арыз жазган эмесмин!», — деп билдирүү калтырган.

Буга чейин айрым маалымат булактары ИИМдеги ишенимдүү булактарга таянып, депутат аялын сабаганы боюнча арыз келип түшкөнүн жазып чыгышкан болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM