Биз менен байланышыңыз

«Электр станциялары»: Көмүрдү керектөө өсүүдө 

Кыска кабар | 9 Янв 2021 | 437 | 0

Эми Бишкек ЖЭБи Токтогул суу сактагычында сууну үнөмдөө үчүн электр энергиясын иштеп чыгууда. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКсы билдирди.

«Мындай аракеттер жарандар үчүн электр энергиясын үзгүлтүксүз иштеп чыгуу максатында жасалып жатат. Суу сактагычта суунун агымы өтө төмөн. Бул акыркы жылдардагы көрсөткүчтөрдөн болжол менен үч эсе аз. Мындай шартта чоң жүк Бишкектеги башка ГЭСтерге жана ЖЭБдерге түшөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Компаниянын маалыматы боюнча Бишкек ЖЭБинин суткалык өндүрүшү 10 миллион кВт сааттан ашат. Мындай шартта көмүрдү керектөө көбөйүүдө.

«Ошентсе да, биздин бардык көрсөткүчтөр кадимки чекте калууда. IQAirдин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 9-январында саат 11:00гө карата Бишкектеги абанын сапаты 242 AQI түздү. Жылуулуктун өзгөрүшүнө байланыштуу биз борбор калаанын үстүнөн көрүнгөн түтүндүн катмарынын төмөндөшүн байкадык», — деп билдирди мекеме.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM