Биз менен байланышыңыз

Трамп Байдендин инаугурациясына катышпайт

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Янв 2021 | 674 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп 20-январда Жо Байдендин инаугурациясына катышпай тургандыгын жарыялады. Бул тууралуу Трамп өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

АКШнын саясий салты боюнча, өлкөнүн президенти инаугурация болгон күнү жаңы президентти Лимузин менен Капитолий сарайына чейин узатып барышы керек. Бул — бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнүн символикалык түрү.

Трамп кийинки президенттин инаугурациясына катышпаган биринчи президент болбойт. Ага чейин XIX кылымда Эндрю Жонсон, Куинси Адамс жана Жон Адамс өзүнөн кийин шайланган президенттин инаугурациясына катышкан эмес.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс инаугурацияга катышар-катышпасын айткан жок, бирок бир катар басылмалар анын Байдендин «тактыга отуруу» аземине келерине ишенимин билдиришти. «New York Times» гезити Пенс салтанатка катышуу үчүн расмий чакыруу албагандыгын жазган.

Трамп расмий түрдө 20-январь түн ортосуна чейин ыйгарым укуктары чектелген АКШнын президенти болуп саналат. Шайланган президенттин инаугурациясы жергиликтүү убакыт боюнча түштө башталат. Байден АКШнын 46-президенти катары ант берип, салтанат бүткөндөн кийин кызматына киришет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM