Биз менен байланышыңыз

Бүгүн айрым жарандар алдын ала добуш беришет

Кыска кабар | 9 Янв 2021 | 542 | 0

Бүгүн, 9-январда шайлоо тилкесине келүүгө мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн алдын ала добуш берүү башталды. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия кабарлады.

Өлкөдө шайлоо тилкесине келүүгө мүмкүнчүлүгү жок 21 360 жаран арыз менен кайрылган.

Эрежеге боюнча ден соолугу начар жана майып жарандар, үйүнөн чыга албаган карылар, ооруканада жаткан бейтаптар, абакта отургандар, кыштоолордо мал багып, айылга келүүгө мүмкүнчүлүгү жоктор БШКга арыз менен кайрылат. Андан соң атайын кызматкерлер көчмө урналарды уюштуруп, шайлоодон бир күн мурда алардын жашаган жерине барып, добуш бердиртет. Ошондой эле мындай добуш берүү укугуна алыс жакта кызмат өтөп жүргөн аскерлер, шайлоо күнү иштей турган ички иштер органдарынын кызматкерлери да ээ болот.

Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Анда 17 талапкер ат салышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM