Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Акыркы суткада 204 бейтап сакайды

Кыска кабар | 9 Янв 2021 | 554 | 0

Бир сутка ичинде пневмонияны эсепке алганда коронавирус инфекциясы 147 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Вирустун жаңы табылган учурлары төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек – 70
  • Ош — 3
  • Чүй облусу – 38
  • Ош облусу — 5
  • Талас облусу — 0
  • Нарын облусу — 4
  • Ысык-Көл облусу – 21
  • Жалал-Абад облусу – 1
  • Баткен облусу — 5

Илдет илештиргендердин экөө медицина кызматкери. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4143 учур катталды, алардын ичинен 3997 медкызматкер сакайды.

Акыркы суткада 204 бейтап COVID-19 илдетинен сакайып чыкты:

Бишкек – 69

Ош шаары – 6

Чүй облусу – 49

Ош облусу – 11

Талас облусу – 1

Нарын облусу – 4

Ысык-Көл облусу – 45

Жалал-Абад облусу – 15

Баткен облусу – 4

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 1, Талас облусунда 1 бейтап көз жумду.

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны  82 138ге жетти. Анын 77 751и сакайып чыкса, 1367 бейтап каза тапты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM