Connect with us

Исаев БШКнын добуш берүүчү техникаларын УКМК текшергенин айтып чыкты

Кыска кабар | 7 Янв 2021 | 760 | 0

Эскертүү: Бул — жарнамалык негиздеги материал. Анын мазмунуна «Марал» телерадио компаниясы жооп бербейт. 

КР Президенттигине талапкер Канатбек Исаев бүгүн, 7-январда социалдык баракчасында чукул билдирүү жасады. Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз:

«Жакынкы күндөрү БШКда чектен чыккан окуя орун алды. Тилекке каршы биз ушундай өлкөдө жашап жатабыз. Ток этер жерин айтканда, 6-январда шайлоо жана референдумга даярдануунун алкагында, мыйзамсыз түрдө БШК кызматкерлери менен УКМК кызматкерлеринин катышуусунда добуштарды автоматтык түрдө саноочу урналарды текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин партиялашы, талапкер Садыр Жапаровдун шайлоодо утуп алышына кызыкдар экенин эске алып, БШКда орун алган текшерүүнү мыйзамсыз деп табууну талап кылабыз. Ал урналарды текшерүүдө президенттикке талапкерлер, көз карандысыз эксперттер катышуусу керек болчу. УКМК кызматкерлеринин катышуусу бул шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого багытталган болушу мүмкүн деген күмөндүү ойду жаратты.

Мен жана президенттикке дагы бир талапкер Адахан Кимсанбаевич Мадумаров экөөбүз, автоматтык шайлоо урналарын кайрадан талапкерлердин жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда  текшерүүнү талап кылып, арыз бердик.

Ошондой эле, акыркы учурда Садыр Жапаровду башка мамлекеттин тыңчысы, биздин тоо-кен жана башка байлыктарыбызды ээлеп алууга багытталган атайын долбоор деген кооптуу маалыматтар таркады. Бул маалыматты тактоо жана текшерүү зарыл. Эгер бул маалыматтар чындык болсо, анда өлкө коркунучта.

Андыктан, мен Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, комиссия түзүлүшүн талап кылып БШКга, Башкы прокуратурага, УКМКга кайрылуу жөнөттүм.

Тез арада комиссия түзүлүшү керек! Ал комиссияга башка талапкерлердин да, бийликтин да адамдары кирбеши керек. УКМК тарабынан Жамааттык Коопсуздук Кеңешине мүчө болгон өлкөлөрдүн атайын кызматтары менен байланышып, тиешелүү маалыматтарды алышы керек.

Комиссияга маалыматты текшерүүгө 10 күн убакыт берилип, бул убакыт аралыгында шайлоо 10 күнгө жылдырылып турушу керек деп эсептейбиз.

Эгер, ал маалыматтар такталса Садыр Жапаров шайлоодон четтетилип, жоопко тартылуусу керек. Биз мындай кооптуу маалыматты текшербей туруп, элге ушул маалыматтын чын же жалганын ачыктабай туруп шайлоо өткөрүү коркунучтуу экенин белгилейбиз».

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Канатбек Кедейканович Исаевдин шайлоо фондунун өкүлү Шамшидин уулу Разак аркылуу төлөндү.
КР БШКсындагы каттоо күбөлүгү №14 от 13.11.2020-ж.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM