Биз менен байланышыңыз

Япония бир канча аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизет

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Янв 2021 | 630 | 0

Япония өкмөтү коронавирустун тез жайылышына байланыштуу Чоң Токионун аймагында өзгөчө кырдаал режимин киргизет. Ал аймак Токио, Канагава, Сайтама жана Чиба аймактарын камтыйт, 37,2 миллион калкы бар. Бул тууралуу Япония Өкмөтүнүн инфекцияны көзөмөлдөө штабынын башчысы Ясутоши Нишимура парламенттин жыйынында билдирди.

«Жаңы коронавируска каршы атайын чаралар жөнүндө мыйзамга ылайык, борбор калаада өзгөчө режим киргизилет», — деди Нишимура.

4-январда Япониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга Өкмөт Чоң Токионун аймагында коронавирус менен кырдаалдын курчушуна байланыштуу өзгөчө кырдаал режимин жарыялоо демилгесин карай тургандыгын билдирген. Өзгөчө кырдаал режими бүгүн бир айга киргизилери айтылууда.

Япониядагы кырдаал ноябрь айынын башынан тарта начарлай баштады, ал эми декабрь айында жуктуруп алгандардын жана каза болгондордун саны күн сайын көбөйүп турганы катталган. Оорунун көрсөткүчү 6-январда кайрадан көтөрүлдү, анда 6 миң 001 учур катталды. Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпы жугуштуу оорулардын саны 260 миңден ашты, 3,8 миңден ашуун адам көз жумду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM