Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Дагы 170 адамдан вирус аныкталып, экөө каза тапты

Кыска кабар | 7 Янв 2021 | 538 | 0

Кыргызстанда 7-январга карата дагы 170 адамдан коронавирус табылды. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, өлкөдө вирус жуктургандардын саны 81 миң 826га жетти.

Акыркы суткада коронавирустан Бишкекте эки адам каза болду, жалпы өлүм учурлары 1363тү түзүүдө. Бир күндө дагы 206 адам коронавирустан айыгып, сакайгандардын жалпы саны 77 миң 376га жетти. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 885 бейтап бар, үй шартында 1277 адам дарыланууда.

Өткөн сутка ичинде 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды, 9 кызматкер айыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 134 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, анын ичинен 3 миң 975 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM