Биз менен байланышыңыз

Канат Исаев: Сапаттуу билимге көңүл бурам

Президенттикке талапкер Канат Исаев өзүнүн программасында негизги багыт сапаттуу билим берүүгө коюлганын айтты.

«Билим берүүнүн сапатын эң биринчи жогорулатуу керек. Сапаттуу билим болбосо, эч кандай өнүгүү болбойт. Бул багыт жолго коюлганда гана маданият, медицина ж.б кошо өнүгөт», — деп билдирди Исаев.

Ал ошондой эле экономикалык программасынын алкагында өлкөдөгү көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу, салыктарды төлөөнү автоматташтырууну айтты.

Бүгүн КТРКда Президенттик шайлоого талапкерлердин теледебаттарынын 2-айлампасы башталды. Ага бүгүн талапкерлер Мадумаров, Исаев, Асанов, Абакиров, Касенов катышууда. Ал эми дагы бир талапкер Садыр Жапаров дебатка келген жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM