Connect with us

Аймен Касенов: Референдум эмес, экономика тууралуу суроо бергиле

Кыска кабар | 6 Янв 2021 | 636 | 0

Президенттикке талапкер Аймен Касенов теледебаттын жүрүшүндө алып баруучулардын суроолоруна нааразычылыгын билдирди.

«Сиздер азыр элдин жашоосун жеңилдетүүгө багытталган суроолорду берсеңиздер. Референдумга караганда экономика менен энергетика тармагын талкуулайлы» — деди Аймен Касенов.

Ошондой эле ал референдум маселесинде «Элдик курултай» системасын сунуштап, мобилдик тиркеме аркылуу элдик маселелерге эл өзү добуш берсе болот деген пикирин айтып өттү.

Белгилей кетсек, бүгүнкү теледебатта алып баруучу референдум тууралуу катары менен эки суроону берди. Бул талапкерлердин көпчүлүгүнө жаккан жок.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM