Connect with us

Абакиров: Референдумду коюп, ыш, жакырчылыкты жоелу

Кыска кабар | 6 Янв 2021 | 1062 | 0

Азыр кыштын суугунда референдум өткөрүүнүн маалы эмес. Бул тууралуу президенттикке талапкер Эльдар Абакиров дебат учурунда айтты.

«Биздин калкыбыздын саны 6 млн. Анын 3,5 млнго жакыны шайлоочулар. Эми элестетип көрсөңүздөр 3,5 млн адам 25 күндө калың конституцияны кантип окуп чыгып, таанышат? Бул жок дегенде 6,12 ай талкууланыш керек болчу.

Экинчиден азыр кыштын суугунда Бишкекти түтүн каптап, шаар четинде жер тамдарда квартирант болуп жашагандардын көмүргө акчасы жок отурат. Элге азыр экономикалык чечимдер керек» — деп билдирди талапкер Эльдар Абакиров.

Бүгүн КТРКда Президенттик шайлоого талапкерлердин теледебаттарынын 2-айлампасы башталды. Ага бүгүн талапкерлер Мадумаров, Исаев, Асанов, Абакиров, Касенов катышууда. Ал эми дагы бир талапкер Садыр Жапаров дебатка келген жок.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM