Connect with us

Теледебат: БШКнын каты талапкерлердин нааразычылыгын жаратты

Кыска кабар | 6 Янв 2021 | 1038 | 0

Бүгүн КТРКда Президенттик шайлоого талапкерлердин теледебаттарынын 2-айлампасы башталды. Ага бүгүн талапкерлер Мадумаров, Исаев, Асанов, Абакиров, Касенов катышууда. Ал эми дагы бир талапкер Садыр Жапаров дебатка келген жок.

Дебаттын башталышында алып баруучу БШКдан келген катты окуп, «Шарт боюнча башка талапкердин атын атабоого, ал бийликке келсе кандай коркунучтар бар деп элди коркутууга тыюу салынган»-деп эскертти. Бул талапкер Адахан Мадумаровдун нааразычылыгын жаратып, БШКнын катын колуна берүүнү суранды.

Дагы бир президенттикке талапкер Курсан Асанов да БШКнын бул талабы эмне үчүн биринчи турда киргизилбегенин сындады.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM