Биз менен байланышыңыз

«Жыныстык тарбияны өзүнчө предмет кылып киргизүүнүн зарылчылыгы жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Янв 2021 | 1428 | 0

Коомчулукта ар тараптуу пикир жаратып жаткан «Мектептерге жыныстык тарбия боюнча сабак киргизүү» темасы Кыргыз билим берүү академиясы жана «Марал» радиосу, «24 Тв» каналы менен биргеликте уюштурган «Тарбияда танапис жок» көрсөтүүсүндө талкууланды.

«Менин жеке пикиримде, өзүнчө предмет кылып киргизүүнүн зарылчылыгы жок. Көпчүлүк предметтерге кошуп окутуу керек. Мисалга алсак, башталгыч класстарда «Мекен таануу» сабагында, 5-класста «Адам жана коомдо», «Информатика» сабагында маалыматтык коопсуздукта, андан тышкары класстык тарбиялык сааттарда өтүлөт», — дейт КББАнын президенти Алмаз Токтомаметов.

Ал эми Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев:

«Биздин коомдо ар тараптуу көйгөйлөр бар. Бир гана жыныстык тарбияга токтолбошубуз керек. Баңгилик, аракечтик ж.б. Балдарга ата-энесинин берген таалим-тарбиясы маанилүү болушу зарыл. Жыныстык тарбияны берүү — ата-эненин мойнундагы милдет. Белгилүү жашка келгенде кызга энеси, балага атасы диндин негизинде түшүндүрүп бериши зарыл. Элдин аң-сезими бул сабактын киргизилишине даяр эмес. Биздин улуттук жана диний баалуулуктарыбызга бул нерсе туура келбейт».

Билим берүү боюнча эксперт Кеңешбек Сайназаровдун пикиринде, дүйнөлүк тажрыйбада мектептер мындай сабактарды киргизүүдө 3 негизги нерсеге көңүл бурат:

  1. Үй-бүлөнүн ичиндеги мамилени бекемдөө;
  2. Ата менен эненин жоопкерчилиги;
  3. Зордук-зомбулукка кабылганда коомдук жазалоо.

Демек, бул тема үй-бүлөлүк маселе болуп чыгат. Биз көпчүлүк учурда мындай темаларга туура эмес жандашабыз. Мисалы, үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөшүү дегендер барып, аялдарды жыйнап окутат. А зомбулукту эркектер жасап жатпайбы? Тескерисинче, бул жерде эркектер менен иштөө туура болот. Жыныстык тарбия боюнча да эгер аксоо болсо, анда аны үй-бүлөдөн баштоо керек. Үй-бүлө менен иштөө аркылуу муну жакшыртуу мүмкүн. Анан экинчи тарабы, эмне үчүн мектеп? Мектепке чейин же мектептен кийинки куракта бул тема жабылып калабы? Меним оюмча, муну комплекстүү кароо зарыл жана маселени чечүү эмес, анын келип-чыгуу себебин жакшылап карообуз керек». 

Талкуунун толук видеосун бул шилтемеден көрсөңүз болот: https://www.facebook.com/196506283893006/videos/1034621037024625

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM