Биз менен байланышыңыз

Тилек Матраимовго 220 миң сом айып салынды

Кыска кабар | 5 Янв 2021 | 842 | 0

Ош облусунун Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимовго 220 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Ош облустук сотуна таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, Тилек Матраимовду үй камагында калтыруу чечими өзгөртүлгөн эмес. Ага карата чыккан өкүм күчүнө киргенден кийин, баш коргоо чарасы жокко чыгарылат.

Матраимов өткөн жылдын 6-октябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы аймактар ​​аркылуу мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү кабарланган.

9-октябрда Өзбекстандын Чек ара кызматы эки өлкөнүн чек арасынан өтүүгө аракет кылган Тилек Матраимовду жана аны менен кошо эки жаранды кармап, Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө өткөрүп берген.

УКМК мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысынын негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин баштаганын кабарлаган.

Ош шаардык сотунун 2020-жылдын 22-октябрындагы өкүмү менен Тилек Матраимов 358-берененин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 220 миң сом айып пул салынган.

Тилек Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимомдун бир тууганы. Ал Кара-Суу районун сегиз жыл башкарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM