Биз менен байланышыңыз

УКМК Болот Сүйүмбаевди эки факты боюнча издеп жатат

Кыска кабар | 5 Янв 2021 | 433 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчисинин мурунку орун басары Болот Сүйүмбаев изделип жатат. Бул тууралуу Атайын кызматтан кабарлашты.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Сүйүмбаев бир нече жолу суракка жана башка тергөө иш-аракеттерине чакырылган. Бирок ал келбегендигине байланыштуу ага Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 223-беренесинин 2-бөлүмү (экономикалык аткезчилик) боюнча кылмышка шектүү деген билдирүү берилип, издөө жарыяланган.

Сүйүмбаевдин жүргөн жерин көргөн же билген адамдар УКМК нөөмөт кызматына 0312 66-04-75 же 102 (КР ИИМ нөөмөт бөлүмү) телефон аркылуу кабар берсе болот. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

УКМК 2020-жылдын декабрь айында эле Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланганын кабарлаган. Анда ал зер буюмдарын аткезчилик жол менен ташуу фактысына тийиштиги бар экендиги айтылган.

Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын да жетектеген.

Copyright © 2017 Maral FM