Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Республикалык бюджеттин 2021-жылга карата долбоору жана 2022-2023-жылдарга карата болжолу жөнүндө» мыйзамга кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.
Документке ылайык, Кыргызстандын 2021-жылга бюджетинин кирешеси 172 891,6 млн сом суммасында бекитилди. Ал эми чыгашалары 181 354,8 млн сом деп бекитилди.
2020-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 8 463,2 млн сом суммасында белгиленди.