Биз менен байланышыңыз

Трамп дагы деле шайлоодо жеңилгенин мойнуна алгысы жок

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Янв 2021 | 1256 | 0

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп Жоржия штатынын мамлекеттик катчысынан президенттик шайлоодо өзүнө берилген добуштарды кайра санап чыгууну талап кылды. 

Трамп: «Болгону 11 780 добуш тапкым келет», — деген мамлекеттик катчы Брэд Раффенспергерге телефон аркылуу. Бул үн жазуу боюнча Трамп билдирүү жасай элек.

Кошумча 11 780 добуш Трампка жалпы штаттын 2 473 634 добушун алууну шарттайт, бул 2 473 633 добуш алган Байденден бир упай ашык алды дегенди билдирмек. 

Жеңишке жетүү үчүн «Шайлоочулар коллегиясынын» 270 добушун алса жетиштүү болот. Жо Байден аталган штаттан 306 добуш, Дональд Трамп — 232 добуш алган.

АКШ мыйзамына ылайык, Трамп шайлоодо утулганын расмий мойнуна албай жатканына карабастан, 20-январда Ак үйдү демократ Жо Байден өткөрүп алат.

Бул арада Сенаттагы республикачылардын 11 өкүлү Жо Байден расмий кызматка киришсе, анын жеңишине каршы пикир билдиришерин айтып чыгышты.

Алар 2020-жылдын 3-ноябрындагы шайлоо көптөгөн бурмалоолор менен өткөнү белгиленип, добуштардын айырмасы анча көп болбогон штаттардагы жыйынтыктар эске алынбашы керектигин айтышууда. Ошол эле маалда сенаторлор бурмалоолор болгондугуна олуттуу далилдерди келтире алышкан эмес.

20-январда АКШда Байдендин инаугурациясы өтөт. Эксперттер Трамп каршы болгону менен Жо Байдендин президенттик кызматка киришине олуттуу бөгөт жаралбай тургандыгын айтышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM