Биз менен байланышыңыз

Жаңы рекорд: Роналдунун Инстаграмдагы катталуучулары 250 миллионго жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Янв 2021 | 721 | 0

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду дүйнөдө биринчи болуп «Instagram» социалдык баракчасында 250 миллион окурманга ээ болду.

«Ювентустун» оюнчусу бүгүнкү күнгө чейин 2978 билдирүү калтырган болсо, өзү 458 адамга катталган.

Роналдудан кийин эле дагы бир белгилүү ырчы Ариана Гранде жана актер Дуэйн Жонсон «Instagram» социалдык  тармагында рекорд жаңылап, Ариананын 214 миллион катталуучусу болсо, Дуэйндин 209 миллион катталуучусу бар.

«Forbes» журналынын версиясы боюнча, 2020-жылы Криштиану Роналду биринчи миллиардер футболчу болду. 17 жылдык карьерасында футбол клубдардан 650 миллион доллар тапкан. Португалиялык спортчунун калган кирешеси жарнамалык келишимдерден түшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM