«Биз барбыз» кайрымдуулук кыймылы жардам сурап кайрылгандар көбөйүп жатканын кабарлады. Кыймылга 11-декабрдан 31-декабрга чейин 40тан ашык чалуулар келип түшкөн.
Анын ичинде 12 адам ооруканага жаткырылган, 12 кычкылтек концентраторлору убактылуу пайдаланууга берилген.
Ошондой эле 8 бейтапты дары-дармектер (клексан, гепарин, харелто, ингаверин, тромбоз) менен камсыз кылышкан.