Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда өткөн митинг боюнча УКМК тергөө жүргүзүүдө

Кыска кабар | 3 Янв 2021 | 515 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчилиги 2-январда нааразылык акциясына чыккандар менен жолугуп, Кербен шаарындагы окуя мыйзам чегинде иликтенип жатканын жана тыкыр көзөмөлдө экенин айтты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын берген маалыматы боюнча, митингге чыккан 300гө чукул адам Аксы районунун тургундары болгон. Алар өткөн жылдын 7-октябрында адам өлүмү менен коштолгон тополоңду уюштурууга шектелип кармалгандарды бошотуу талабын коюшкан.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 7-октябрында акимди кызматтан кетирүү талабы менен нааразычылыкка чыккан жаштардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташа кетишкен. Мунун кесепетинен алты адам жеңил жаракат алып, катуу токмоктолгон бир адам 21-октябрда ооруканада жатып каза тапкан. Кылмыштуу окуяны уюштурууга шектелип, Ак-Дөбө айылынын үч жараны камакка алынган.

Белгилей кетсек, мушташта катуу жараат алган 41 жаштагы Уланбек Жаманкулов жыйырма күндөн кийин каза болгон. Милиция тополоңду уюштурууга шектүүлөрдүн бири катары Кутман Шадыбековду камакка алган. Кийин анын жакындары Тургун Шадыбеков жана Жылдыз Шадыбеков дагы кармалган. Жабыркаган тарап милицияга ишеним көрсөтпөгөндүктөн, ишти атайын кызмат иликтеп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM