Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда митинг болуп өттү

Кыска кабар | 2 Янв 2021 | 892 | 0

УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгы жайгашкан имараттын алдында митинг болуп өттү.

УКМКнын берген маалыматы боюнча, митингге чыккан 300гө чукул адам Аксы районунун тургундары болгон. Алар өткөн жылдын 7-октябрында адам өлүмү менен коштолгон тополоңду уюштурууга шектелип кармалгандарды бошотуу талабын коюшкан.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 7-октябрында акимди кызматтан кетирүү талабы менен нааразычылыкка чыккан жаштардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташа кетишкен. Мунун кесепетинен алты адам жеңил жараланып, катуу токмоктолгон бир адам 21-октябрда ооруканада жатып каза тапкан. Кылмыштуу окуяны уюштурууга шектелип, Ак-Дөбө айылынын үч жараны камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM