Биз менен байланышыңыз

Азиянын эң бай адамы жаңыланды. Ал абдан тез байыган

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Янв 2021 | 1858 | 0

«Nongfu Spring» бөтөлкө суусу жана «Beijing Wantai Biological Pharmacy Enterprise» вакцинасын чыгарган компаниялардын ээси Чжун Шаньшань Азиядагы эң бай адамдардын биринчи сабын ээледи. Бул боюнча эл аралык басылмалар жазып чыкты.

Чжун Шаньшань индиялык бизнесмен Мукеш Амбани жана «Alibaba» компаниясынын негиздөөчүсү Жек Маны да артта калтырган. Шаньшандын байлыгы 77 миллиард 800 миллион долларды түзөт. Ошондой эле  кытайлык бизнесмен дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде 11-саптан орун алды. Мындан сырткары ал тарыхта тез убакытта байыган адам катары калмакчы.

Анын мындай ийгиликке жетүүсүнө биринчиден, «Nongfu Spring» бөтөлкөдөгү суусундуктарын чыгарганы. Экинчиден, «Beijing Wantai Biological Pharmacy Enterprise» COVID-19га каршы тест жана гепатитке каршы вакцина чыгаруусу себеп болгонун басылмалар жазып чыгышты.

Буга чейин Азиядагы эң бай адамдардын сап башында Жек Ма турган. Бирок анын байлыгы Ма банк кызматкерлерин сындаган соң бир суткада 3 миллиард 500 миң долларга төмөндөгөн жайы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM