Биз менен байланышыңыз

6-январга чейин күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 1 Янв 2021 | 2901 | 1

Кыргызгидромет борбору 2-январдан 6-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

2-6-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-4-январларда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 мерге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

2-6-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-январда туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

2-6-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-4-январларда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 мерге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

2-январда түнкүсүн кээ бир райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

3-5-январларда жана 6-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

6-январда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-3-январларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

2-январда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн.

2-январда күндүз жана 3-6-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-3-январларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1 пикир

1 пикир

  1. Таалайбек

    02.01.2021 08:34

    Эмнеге Нарындын аба ырайын айта албайсыңарбы же билбейсиңерби

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM