Казакстандын Актөбө облусундагы шахтада жардыруудан төрт жумушчу каза болуп, дагы бир адам жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү казак басылмалары жазып чыкты.
Окуя «Актөбө жез компаниясы» ЖЧКсына таандык жез-цинк рудаларын казуучу «Весенная Аралчинская» шахтасында жардыруу иштери учурунда болгон.
Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.