Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Дагы 122 адамдан вирус аныкталып, бирөө каза тапты      

Кыска кабар | 1 Янв 2021 | 1124 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Дагы 122 кишиден вирус аныкталды. Алар: Бишкек шаарында — 43, Чүй облусу — 39, Ош облусу — 7, Нарын облусу — 2, Ысык-Көл облусу — 25, Жалал-Абад облусу — 3, Баткен облусу — 3 киши.

Март айынан бери 81 миң 156 киши вируска чалдыгып, 1 миң 356 бейтап көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM