Биз менен байланышыңыз

Кышкы каникулду кандай өткөргөн пайдалуу?

Жаңы 2021-жылы майрамдык эс алуу күндөрү 3-январга чейин созулат. Майрамдык эс алуу күндөрүндө убакытты туура пайдалануу менен эс алуунун бир канча түрлөрүн сунуштайбыз:

«Нуска» китеп дүкөнүнүн башчысы Анархан Садыкулова эс алуу күндөрүндөгү убакытты эң эле туура жана пайдалуу өткөрүүнүн жолу китеп окуу экенин айтып, аба ырайы суук мезгилде тарыхый роман, санжыра сыяктуу китептерди окууну сунуштайт. Өзгөчө «Көчмөндөр кагылышы» жана «Сынган кылыч» чыгармасын баштоочулар үчүн бул убакыт эң ыңгайлуу деп эсептейт. Анархан Садыгулова майрам күндөрүн утурлай, эс алуу күндөрүн китеп окуу менен өткөрүүнү каалагандардын саны китеп дүкөнүндө арбыганын билдирди.

«Мына кечээ күнү эле дүкөндө кардар толду. Бардыгы эс алуу күндөрү китеп окуп, убакыт өткөзөм деген максат менен түрдүү китептерди сатып алышты. Ар биринин кызыгуусуна жараша тандоого жардам бердик». 

Ал эми үйдө отурганды анчейин жактыра бербегендер үчүн лыжа, сноуборд, мүз үстүндө коньки тебүү эң жакшы сунуш. «Чункурчак» тоо-лыжа курорттук комплексинин кызматкери Анна Симонова эс алуу күндөрүн көңүлдүү өткөрүүгө кышкы эс алуучу оюндар менен алек болууну же жөн гана шаар четинде таза абада сейилдөөнү сунуштады. Анын айтымында, аталган жайда эс алуу үчүн 1 адам 1 күнгө орто эсеп менен 2000-2500 сом коротот.

«Чуңкурчак» тоо-лыжа базасы демалышсыз иш алып барат. Ошондуктан майрам күндөрүндөгү эс алууну лыжа жана сноуборд тебүү менен өткөрсөңүздөр болот. Эгерде сиздер лыжа, сноуборд тебүүнү билбесеңиздер, жөн гана бул жака келип, таза абада дем алып, сейилдеп, сүрөткө түшүп, көңүлдүү убакыт өткөрүп кетсеңиздер болот». 

Акыркы жылдары жамаат менен атайын турларга чыгып, эс алууну жактыргандар үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр жаралды. Бир күн ичинде бир нече эс алуучу кооз жайларга барып келүүгө болот. Мындай кызмат көрсөткөн компаниянын менеджери Илгиз Жумабеков чөнтөктү өтө жукартпастан, керемет эс алууга мүмкүнчүлүк түзгөн турларды сунуштайт. Баасы 800 сомду түзүп, анда кызматкерлер эс алуучуларды коштоп, көңүлдүү маанай жаратканга аракеттенишет.

«Биздин компания бир канча турдун түрлөрүн сунуштайт. Бул Ара-Көлгө, Кегетиге бара турган, атайын иштелип чыккан турлар. Биз кардарларды эртең мененки саат 7де шаардан алып чыгып кетебиз, кечинде саат 9да келебиз. Ал убакыт ичинде бир канча жайга барабыз. Азыр өзгөчө Ара-Көлгө барганга кызыккандар көп. Анткени ал көл өтө тунук, коньки тебүүгө да болот. Аны Кыргызстандын «Байкалы» деп атагандар да бар». 

Ал эми психологдор эс алуу күндөрү үй-бүлө мүчөлөрүн жакындатат дешет. Бул убакыт аралыгында жакындардан кабар алууга, үйдө чогуу болууга, же ар кандай эс алуучу жайларга алып барып келүүгө кенен мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Эскерте кетсек, Жаңы жыл майрамына карата эс алуу 1-2-3-январь күндөрү белгиленди. Ал эми офлайн режимде окуп жаткан окуучулардын чейректик каникулу 10-январга чейин уланат.

Даярдаган: Тумара Карыпбекова

Copyright © 2017 Maral FM