Биз менен байланышыңыз

2021-жылы Бишкекте жаңы таштанды полигон ачылат

Кыска кабар | 30 Дек 2020 | 567 | 0

Бишкек шаарынын сыртындагы таштанды полигонунун маселеси чечилбей келе жатканына дээрлик 7 жылдын жүзү болду. 2013-жылы Европа оңдоп-түзөө жана өнүктүрүү банкынын «Бишкек шаарындагы катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу» долбоорунун алкагында жарактан чыккан эски полигонду бузуп, анын ордуна жаңы полигонду ишке киргизүү колго алынып, керектүү жабдууларды жана башкаларды сатып алуу үчүн аталган банк 22 млн евро бөлүп берген.

«Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Чолпон Кубатбекованын берген маалыматына таянсак, 2017-жылы стандартка ылайык келген жаңы санитардык полигонду долбоорлоо жана куруу иштери Эстониянын «Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS» компаниясына жүктөлгөн. Тилекке каршы, быйыл өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга, пандемия шарттарына байланыштуу аталган компаниянын жумушчулары ишин убактылуу токтотуп, өз өлкөлөрүнө кайтып кетүүгө аргасыз болгон.

Мындан улам 2020-жылы аяктайт делген долбоор 2021-жылга жылдырылганын айткан Кубатбекова бүгүнкү күндө 14 миллиондон ашык еврого 8 долбоор даярдалып, анын 5и толугу менен бүткөрүлгөнүн билдирди. Ал белгилегендей, эпидемиологиялык абал турукташса, компания кайтып келип, калган иштер колго алынат.

Тумара Карыпбекова 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM