Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 30 Дек 2020 | 384 | 0

Бүгүн, 30-декабрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Алар күн тартибинде турган актуалдуу маселелер жана өлкөлөр ортосундагы кызматташуу кадамдарын талкуулашты.

Талант Мамытов пандемия учурунда Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу жана гуманитардык жардамы үчүн Шавкат Мирзиёевге ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын Өзбекстан менен саясий кызматташтыкты бекемдөөгө, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даярдыгын айтты.

Талант Мамытов Шавкат Мирзиёевди жана жалпы Өзбекстан элин келе жаткан 2021-жыл менен куттуктап, эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө даяр экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM