Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 31 декабрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өлкө аймактарында кар жаабайт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарына туман түшүүсү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;
Талас облусунда: түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында: түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;
Ысык-Көлдө: түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;
Нарын жергесинде түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11, күндүз -2…-4 градус болот.