Биз менен байланышыңыз

Хорватиядагы зилзаладан кеминде 7 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Дек 2020 | 1059 | 0

Хорватияда эки күн катары менен катуу жер силкинип, бери дегенде 7 адам каза болду. Урандыларга басылып калган жарандар изделүүдө.

Катуу зилзаладан бир катар калктуу конуштарда, анын ичинде өлкөнүн баш калаасы Загреб шаарында бир нече имарат кыйрап, бир канчасынын дубалы жарылды.

Европадагы Жер ортолук деңиз сейсмикалык борбору 6,3 баллдык жер титирөө Загребден түштүк-чыгышты көздөй 46 чакырым алыстыкта катталганын билдирди. Ошол эле маалда Германиянын изилдөө борбору 6,4 баллдык жер силкинүү 10 чакырым тереңдикте болгонун маалымдады.

Силкинүү очогунан 3 км аралыкта жайгашкан 20 миңдей калкы бар Петриня шаарында кырсыктан 12 жаштагы кыз көз жумганы кабарланды. Андан сырткары Глина шаарында 5 адам каза болгон. Ошондой эле дагы бир адамдын сөөгү Жажина шаарындагы чиркөөнүн урандысынан табылган. Петриня жана ага коңшулаш жайгашкан Сисак шаарларында жабыркагандар көп экенин жергиликтүү тез жардам кызматынын башчысы Томислав Фабиянич билдирди. Анын айтымында, жабыркагандар түрдүү жаракаттарды алып, айрымдарына операция да жасалды.

Словениянын «STA» маалымат агенттиги бийлик алдын алуу чарасы катары өлкөдөгү жалгыз атомдук электр станциясынын ишин убактылуу токотуу чечимин кабыл алганын жазды. АЭС силкинүү очогунан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Петриния шаарынын мэри шаардагы абал тууралуу айтып жатканда, жердин кайрадан силкингенин байкоого болот:

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM