Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Борбор Азиядагы сандар көрсөткүчү

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Дек 2020 | 560 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан дагы төрт бейтап көз жумду. Өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1353кө жетти.

29-декабрга карата дагы 119 адамдан коронавирус аныкталды. Пандемия башталгандан бери 80 миң 654 адам вирус жуктуруп алды.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 277 бейтап сакайды.

Акыркы бир суткада Казакстанда 739 адамдан коронавирус оорусу аныкталды. Пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 153 миң 199 адамдан COVID-19 оорусу аныкталды.

Акыркы бир суткада Казакстанда 841 адам ооруканадан чыгарылды. Пандемия башталгандан бери жалпы 140 миң 684 адам коронавирустан айыкты.

Акыркы сутканын ичинде Тажикстандын аймагында коронавирус илдети 32 бейтаптан табылды. Акыркы суткада адам өлүмү катталбаганын улуттук бирдиктүү портал маалымдады.

Тажикстанда 30-апрелден бери жалпы 13 237 адамга коронавирус жуккан. Алардын ичинен 12 726 адам айыкты. Оорунун кесепетинен 90 бейтап көз жумду.

Өзбекстандын 27-декабрга карата берген маалыматы боюнча, коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 76 832ни түзүп, 74 439 адам айыгып чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM