Борбордук шайлоо комиссиясы башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун «макул», «каршы» үгүт топторунун арасында теледебат өткөрүү үчүн бекер эфирдик убакытты бөлүштүрдү.
Референдум үчүн үгүт топтору КТРКда жекече чыгып сүйлөшөт.
28-декабрдан 30-декабрга чейин: 22.30 – 23.30.
2021-жылдын 6-январынан 8-январына чейин: 23.00 – 24.00.
Эфирдин убактылары тууралуу кененирээк маалымат бул шилтемеде.
Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо менен кошо референдум да өтөт. Ал 2021-жылдын 10-январына белгиленген.