Жер титирөөнүн кесепетинен Баткен облусундагы бир нече мектептин дубалы жарака кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында айтылат.
26-декабрь, саат 16:28де Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймагында очогундагы күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Анын кесепетинен Кадамжай районунун Совет айылындагы №21 Кан орто мектебинин, Кайтпас айылындагы №23 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин, Баткен районунун Кыштут айылындагы орто мектептин жана Сай айылындагы «Баластан» балдар бакчасынын, Бөжөй айылындагы 5 турак үйдүн, Самаркандек айылындагы 1 турак үйдүн жана ушул айылдагы К. Тагаев атындагы орто мектептин дубалынан жарака кеткен.
Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп, 28-декабрда жабыр тарткан объектилерди кайра калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бийликке сунуш берилген.
Ал эми Баткен району боюнча кошумча тактоо иштери 29-декабрь күнү жүргүзүлөт.