Connect with us

Канатбек Исаев: Өзүбүздө завод курулганда гана Жетим-Тоону казуу керек

Кыска кабар | 28 Дек 2020 | 861 | 0

Жетим-Тоо кенин сырьё катары Кытайга ташып сатуу туура эмес. Мындай пикирин президенттикке талапкер Канатбек Исаев дебаттын жүрүшүндө айтты.

«Жетим-Тоо темир кенин Кытайга ташып сатабыз деген туура эмес. Ал жерге завод салып, өзүбүздүн жарандарга жумуш оруну түзүлүшү керек. Ошондо иштетсек болот. Муну экономикалык билими жок адам деле түшүнүп турат. Экинчи маселе, ал кенди убагында Максим Бакиев кытайлык компанияга арзан сатып жиберген болчу. Эми ошону кайра эле Кытайга экспорттойбуз деген туура эмес», — деп билдирди Исаев.

Бүгүн, 28-декабрда Кыргызстандын президентине талапкерлердин теледебаты башталды. Ал КТРК аркылуу көрсөтүлүүдө.

Бүгүн кечки саат 20:00дөн 22:30га чейин талапкерлер Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев дебатка чыкты.

Эртең, 29-декабрда талапкерлер Мыктыбек Арстанбек, Садыр Жапаров, Рашид Тагаев, Арстанбек Абдылдаев, Имамидин Ташов, Элдар Абакировдор чыгат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM