Биз менен байланышыңыз

Иманалиев: Тажиктер кримтөбөлүн чек арага койсо, биздин криминал элди тоноп жүрөт

Кыска кабар | 28 Дек 2020 | 1524 | 0

Тажикстан Кыргызстан тарап менен чек араны тактоодо тоготпостук мамиле кылууда. Мындай пикирин президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев бүгүн дебат учурунда айтып өттү.

«Тажикстандын Согди облусунун ИИМ башчысы «Баткен Тажикстандын жери» — деп айтса, аны биздин бир чиновник менин досум деп жүрөт. Ошол эле Ворухтагы тажиктердин кримтөбөлү «Шох» учурда тажик бийлиги тарабынан чек араны көзөмөлдөө үчүн коюлган. Алардын саясаты ушундай. А бизде болсо криминал өз элин тоноп, коркутуп жүрөт», — деп билдирди Иманалиев.

Бүгүн, 28-декабрда Кыргызстандын президентине талапкерлердин теледебаты башталды. Ал КТРК аркылуу көрсөтүлүүдө.

Бүгүн кечки саат 20:00дөн 22:30га чейин талапкерлер Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев дебатка чыгууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM