Биз менен байланышыңыз

Сооронкулова: Чек ара кызматынын УКМКга кошулганы шек жаратууда

Кыска кабар | 28 Дек 2020 | 729 | 0

Чек ара кызматынын УКМКнын курамына кошулуусу бир чети жакшы, бир чети жаман. Бул тууралуу КР Президенттигине талапкер Клара Сооронкулова бүгүнкү дебатта айтып өттү.

«Чек араны УКМК караганы жакшы, бирок азыр көп аймактар тактала элек. Ошолор такталып жатканда элге бардык маалыматтар, документтер ачык көрсөтүлүшү керек. Бул жагынан караганда УКМКда көп документтер жабык болот. Экинчи жагдай, чек ара кызматынын өтө шашылыш түрдө УКМКнын курамына өткөрүлүүсү да шек жаратууда. Анткени азыр бардык документтер жабык болуп жатат», — деп билдирди Сооронкулова.

Бүгүн, 28-декабрда Кыргызстандын президентине талапкерлердин теледебаты башталды. Ал КТРК аркылуу көрсөтүлүүдө.

Бүгүн кечки саат 20:00дөн 22:30га чейин талапкерлер Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев дебатка чыгууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM