Биз менен байланышыңыз

Билим берүү-2020: Пандемиядагы онлайн окуу, каза тапкан 153 мугалим

Билим-маданият | 31 Дек 2020 | 2419 | 0

2019-жылдын аягында башталып, 2020-жылы бүтүндөй дүйнө калкын дүрбөлөңгө салган коронавирус пандемиясы Кыргызстанды да кыйгап өтпөй, бир катар өзгөрүүлөргө учуратты. Маселен, адегенде эле билим берүү тармагын олуттуу кадамдарга бардырды. Тактап айтканда, илдеттен сактануу, ошол эле учурда окуу программасын үзгүлтүккө учуратпоо максатында аралыктан окуу системасына жапырт өтүүгө аргасыз кылды. Мунун негизинде атайын тандалган мугалимдер тарабынан миңден ашуун видео сабактар даярдалды. Алар өлкөдөгү 6 телеканалдан көрсөтүлүп, атайын иштелип чыккан порталга жүктөлдү. Андан тышкары ар бир мугалим интернетти өз мүмкүнчүлүгүнө жараша пайдаланып, өздүк сабактарын өтүп турду.

Мындай күтүүсүз жагдай интернет тартпаган алыскы аймактардагы окуучуларды, колунда жок үй-бүлөлөрдүн балдарын окутууда бир топ көйгөй жаратып, мугалимдерди түйшүккө салды. Мындан тышкары аралыктан окутуу системасына ата-энелердин даяр эместиги далилденди. Айрыкча ата-энелердин балдарын сабак окутуп жаткандагы абалы быйыл интернеттин негизги шакабаларына айланды. Ошол эле учурда жеткинчектердин аралыктан окутуудагы күлкү жараткан видеолору байма-бай чыгып жатты.

Албетте, бул системанын билим берүү тармагы үчүн жакшы жактары да болгонун белгилей кетүүбүз абзел. Маселен, кагаз иштери, окуу системасы толугу менен автоматташтырылды. Мунун негизинде мектеп мугалимдеринин жана китепканачылардын иши жеңилдеди. Мугалимдер ашыкча кагаз иштеринен арылса, китепкана кызматкерлеринин түйшүгү азайып, атайын иштелип чыккан программа аркылуу айлап жасаган жумуштарын аз убакыт ичинде бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк ала алды. Ага катар электрондук китепканалар, мобилдик тиркемелер жана интернет ресурстары түзүлдү.

Билим берүү боюнча эксперт Кеңешбек Сайназаров күтүүсүз келген коронавирус толкуну билим берүү тармагын чоң өзгөрүүлөргө дуушар кылды деп эсептейт. Онлайн окуу системасы мугалимдер үчүн кыйынга турса да, алар тез убакыт ичинде аталган окуу программасын өздөштүрүп кете алганын белгилейт.

«Жалпы жонунан Кыргызстан лидерлик сапатын көрсөтө алды. Себеби эки жума аралыгында бир окуу системасынан экинчи окуу системасына ийкемдүү өтүп кетүү баарынын эле колунан келе бербейт. Күчтүү өлкөлөр дейбиз, бирок аларда деле көйгөйлөр көп экенин көрдүк. Кыргызстандын билим берүү тармагы ыкчам иш алып барганы сүйүндүрдү». 

Кеңешбек Сайназаров 2020-жылы билим сапаты төмөндөдү делгени менен, онлайн билим алуу келечекке болгон кадам экенин эскертти. Анткени өнүккөн өлкөлөрдө аралыктан окуу системасы эбак эле киргизилген. Муну менен алар убактысын үнөмдөп, өзүн-өзү өнүктүрүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк алышат.

«Рейтинг менен караганда санариптик системага 50 %дан көбүрөөк өткөн өлкөлөр бар. Биз ар дайым ал рейтингде 10 %га жетпеген көрсөткүчтө болуп келгенбиз. Бирок аралыктан окуу системасынын киргизилиши менен бул көрсөткүч өстү деп айта алам. Бул деген абдан жакшы». 

Пандемияга карабастан 2020-жылы билим берүү тармагында бир катар алгылыктуу иштер жасалганын Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Ал окуу системасын үзгүлтүккө учуратпоо максатында бүгүнкү күндө республика боюнча 1915 мектептин окуучулары салттуу түрдө билим алууга өткөнүн айтты.

«Дистанттык окуу убактылуу гана, пандемия учурунда окуучулардын жана педогогдордун ден соолугунун коопсуздугун сактоо максатында аталган окуу системасы киргизилди», — деп эскертти Жусупбекова.

Окуу жылы башталганда, республикалык штабдын уруксаты менен офлайн режимде билим берүүнү жанданткан мектептерге санитардык режимди сактоо үчүн бюджеттен 185 млн сом бөлүнгөн. Ага мектептер үчүн антисептикалык, дезинфекциялык каражаттар сатып алынган.

Ошол эле учурда 2019-2020-окуу жылы бардык билим берүү мекемелеринде онлайн жыйынтыкталып, мамлекеттик аттестациялоочу сынактар да, 2020-2021-жылкы окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу да онлайн режимде өттү. Жогорку окуу жайларына 36 364, атайын орто билим окуу жайларга 38 072 студент тапшырды. Кабыл алынды делгени менен 1-курстун студенттеринин арасында азыркыга чейин окуу жайын көрө электери да бар.

Ага катар эле ушул жылы чет жакта билим алган студенттердин дээрлик көпчүлүгү өлкөгө жыл жыйынтыкталбай кайтып келүүгө аргасыз болушту. Бүгүнкү күндө алардын басымдуу бөлүгү билим алып жаткан өлкөлөрдө эпидемиялогиялык абал туруксуз болгонуна байланыштуу Кыргызстанда онлайн режимде окуусун улантууда. Пандемияга карабастан, быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн арасында чет жакка тапшырган студенттер да жок эмес. Министрдин орун басары Нурлан Омуров быйылкы окуу жылында чет мамлекеттеги жогорку окуу жайларына тапшырган кыргыз студенттери кандай негизде билим алып жатканы туурасында маалымат берди.

«Быйылкы пандемия учурунда, көбүнчө Европадагы ЖОЖдор, маселен, Венгрияда окуу жылы онлайн башталды. Андыктан чет өлкөгө өткөн кыргызстандык студенттер бул жерде эле аталган окуу жайлардын талаптарына ылайык окуусун улантууда».

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топ салттуу окуу жанданган кезде, окуу процессин улантуу боюнча алгоритм иштеп чыкты. Ал алгоритмдин алкагында биринчи курстун студенттерине, магистрантарга жана башкаларга толугу менен салттуу окуу процессин жандантууга уруксат берилет.

Билим берүү тармагындагы дагы бир өзгөрүүлөрдүн бири октябрдагы башаламандыктардан кийин Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Жаңы министр өз ишин мугалимдерди кереги жок кагаз иштеринен арылтуу менен баштады.

2020-жылдын өзгөчө оор учуру, айрыкча пандемия маалында миңдеген адамдын бул өмүрдөн кош айтышып кеткени болду. Апаат билим берүү тармагын да кыйгап өтпөй, мурунку министр Каныбек Исаков, министрдин мурунку орун басары Гайша Ибрагимова сыяктуу чыгаан педагогдорду акка моюн сундурду. Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Илгиз Султан уулунун берген маалыматына таянып айтсак, 2020-жылы COVID-19 илдетинен жана башка себептерден улам аталган тармакта эмгектенген жалпы 153 педагог, кызматкер каза тапкан, мунун ичинен 34ү орто билим берүү мекемелеринде иштегендер болгон.

Бул жылы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен балдарга арналган жаңы жылдык иш-чаралар да онлайн-форматта өттү. Президенттик балатыда сүйлөгөн куттуктоо сөзүндө президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мамлекетибиздин эң чоң улуттук байлыгы — бул билимдүү жаштар экенин баса белгиледи.

Даярдаган: Тумара Карыпбекова

Copyright © 2017 Maral FM