Биз менен байланышыңыз

Кытайда коронавирустун жайылуусу тууралуу репортаж жасаган жарандык журналист соттолду

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Дек 2020 | 732 | 0

Кытайдын Ухань шаарында коронавирус жайылып жатканы тууралуу видеотасмаларды жарыялаган жарандык журналист Чжан Чжань төрт жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Адвокаттын айтымында, Шанхайдагы сот журналистти «жаңжал чыгаруу үчүн чагымчылык кылууга» күнөөлүү деп тапты. Өкүмдө Чжань коронавируска байланышкан шаардагы башаламандык жөнүндө билдирүү таратуу менен элди дүрбөлөңгө түшүргөнү жазылган.

Адвокат журналисттин саламаттыгы начарлап жатканын, ал июнда ачкачылык жарыялап, бирок түтүк аркылуу мажбурлап тамактандырылганын кошумчалады. Анын айтымында, Чжань өткөн жумада катаал өкүм чыкса, кайра ачкачылык жарыялай турганын билдирген.

Чжан Чжань — Ухандагы абал тууралуу репортаж жасагандан кийин кармалган жарандык журналисттердин ичинен өкүм чыккан алгачкы журналист.

37 жаштагы Чжань февралда жарыялаган видеотасмалар интернетке кеңири жайылып кеткен. Аларда коронавирус аныкталгандан кийинки алгачкы күндөрдөгү бейтаптарга толгон шаардын ооруканаларынын, табыт батпай калган моргдордун абалы тартылган.

Кытай буга чейин вирус аныкталгандан кийинки алгачкы аракеттери жана маалыматтарды жашыргандыгы үчүн дүйнө коомчулугунун кескин сынына кабылган.

Кийинки айда Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун он окумуштуусунан турган топ коронавирустун пайда болушу боюнча изилдөө жүргүзү үчүн Ухань шаарына барары күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM