Биз менен байланышыңыз

Европа коронавируска каршы жапырт эмдөөнү баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Дек 2020 | 652 | 0

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдө жекшемби, 27-декабрдан тарта коронавируска каршы калкты жапырт эмдөө башталды. Алар «Pfizer» жана «BioNTech» компанияларынын вакцинасын колдонуп, эмдөө жүргүзүүдө.

Эмдөөдө тобокелдик тобуна кирген жарандарга, анын ичинде улгайган адамдарга артыкчылык берилери айтылган. Германия, Франция, Австрия, Италия, Испания жана Болгария эмдөө иштерин жекшемби күндөрү баштаса, Бельгия менен Люксембургда 28-декабрда, Нидерландда 8-январда башталат деп күтүлүүдө.

Буга чейин «Pfizer» жана «BioNTech» компаниялары жыл соңуна чейин Евробиримдикке 12,5 миллион доза вакцина жеткирүүгө даяр экенин билдиришкен.

Мурдараак Европанын дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө агенттиги бул вакцинанын коопсуздугу жана натыйжалуулугу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, аны жактырган.

Учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө коронавируска каршы «Pfizer-BioNTech» вакцинасы колдонулууда. Буга чейин АКШ, Британия, Канада, Израил эмдөөнү баштаган.

Буга чейин Германия канцлери Ангела Меркель эгер элди эмдөө эффективдүү болсо, 2021-жылдын күз мезгилине чейин Германия кадимки жашоого кайта аларын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM