Биз менен байланышыңыз

Батир сатып алуучулар көңүл бура турган жагдайлар

Блог , Кыска кабар , Пикирлер | 28 Дек 2020 | 1610 | 0

«Борбор групп» компаниялар топтомунун негиздөөчүсү Өмүрбек Назаров менен «Марал» радиосунда батир сатып алуучулар көңүл буруучу жагдайлар боюнча маектештик.

Үй тандоодо эмнеге көңүл буруу керек? 

— Үйдү курган компания тууралуу маалыматтарга ээ болуп, аларды талдоо жана тандоо керек. Компанияны тандоодо бир топ факторго көңүл буруу зарыл.

Алсак:

  • тарыхы;
  • документтери (жердин кызыл китеби, курулушка лицензия ж.б);
  • курулуш ченемдеринин сакталуусу;
  • объект жайгашкан район;
  • курулуш технологиялары.

— Батир сатып алууда кайсы курулуш компаниялары сунушталат?  

— Өлкөдө 300дөн ашуун курулуш компаниясы бар. «Борбор групп» компаниялар топтомунун курамында 5 ишкана бар. Учурда жалпысынан 250гө жакын адам эмгектенип жатат.

Бүгүнкү күндө биздин компанияда 3 турак-жай комплекси курулууда. Алар:

  • Ахунбаев менен Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде «Бакдөөлөт»;
  • Кызыл-Аскерде «Санжыра»;
  • Киркомстрой аймагында «Бакыт» турак-жай комплекси.

— Турак-жайды жылуулоодо кандай технологиялар колдонулат? 

— Жылуулукту камсыздоо үчүн бир канча талаптарга жооп берүү керек. Алгач, дубалды жылуулоо маанилүү. Анткени, пол, дубал, чатыр жылуу болбосо, үй жакшы жылыбайт. Мындан улам биз комплекстүү иш жасайбыз.

Аймактарга да объект куруу пландалганбы? 

— Жакынкы пладарыбызда жок. Анткени бизнесибиздин баары Бишкекте. Чет мамлекетте туруп деле Кыргызстандан батир сатып алууга болот. Ал үчүн кардардын ишенимдүү адамы менен келишим түзүлөт. Биз Фурманов көчөсү, 12 дарегинде, «Шампан-вино» комбинатынын маңдайында жайгашканбыз.

— Компания башка ишканалардан эмнеси менен айырмаланат?

— Негизги өзгөчөлүктөрүбүз:

  • Батирлер эконом-класс, бирок ыңгайлуулукка көңүл бурулат. Батирлер кышкысын жылуу, жайында салкын болушу камсыздалат;
  • Төлөм шарттары кардарлар үчүн ыңгайлуу, сатып алуучунун төлөө мүмкүнчүлүгүнө жараша ийкемдүү шарттар (бөлүп төлөө, алмашуу) түзүлөт.

— Кардар кандай мүлкүн алмаша алат? 

— Келишимдин негизинде кардар автоунаа, турак-жай, жер тилкесин алмаштыра алат.

— Учурда батирлер кандай баада сатылууда? 

— Бизде батирлердин 1 чарчы метри 400-450 доллардан башталат. Бөлүп төлөө кардардын шартына жараша каралат. Маселен, сатып алуучу 24-30 ай аралыгында төлөсө болот. Кардар король болушу керек, мындан улам кардардын көйгөйүн чечүү биринчи орунда турат. Рынокто туруктуу жашагыбыз келет, андыктан татыктуу кызмат кылуу ниетиндебиз.

— Жер боюнча маселе жокпу? 

— Көпчүлүк курулуш компаниялары акчаны үнөмдөө үчүн муниципалдык жерди сатып алат, жашыл китеп берилет. Эреже боюнча объектинин 17 %ы курулуп бүткөн соң, жердин кызыл китеби чыгышы керек. Тилекке каршы, кээде муниципалдык мекеме милдетин аткарбай коёт да, курулуш компания менен араздашып соттошкон учурлар көп болот. Биз жашыл китептен оолак болуп, кызыл китепке басым жасайбыз.

— Үй сатып алууда баштапкы төгүм канча жана кандай документтерди чогултуу керек? 

— Батир сатып алуучунун паспорту эле жетиштүү. Ал эми каражат маселесинде кардардын төлөө мүмкүнчүлүгүнө сөзсүз көңүл бурабыз. Ар бир кишиге жекече мамиле жасалат.

— «Борбор групптун» алдыдагы стратегиялык пландары кандай? 

— Бизнесте 26 жылдан бери жүрөбүз, чоң тажрыйба бар. Курулуш компаниялары көп болсо да, турак-жайга болгон суроо-талап абдан жогору. Биз рынокто татыктуу орунду ээлегибиз келет. Ал үчүн каржылык мүмкүнчүлүктөрүбүз жетиштүү.

— Кардар компаниялардын планына канчалык маани бериши керек? 

— Кайсы гана компания болбосун, стратегиялык планын биринчи орунга коюшу керек. Ошондо гана ишкана максатына жетет.

— Батирден башка объекти куруу ниети барбы? Алсак, соода борбору сыяктуу…

—  Биздин командабыз күчтүү, кандай гана буюртма болбосун, аткарууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.

— Өлкөдө курулуш тармагынан кандай өзгөрүүлөрдү күтсөк болот? 

— Он жылда Бишкек болуп көрбөгөндөй өзгөрөт. Курулуш тармагы — өлкөнүн локомотиви. Бизнес баарын өз ордуна коёт.

— Рахмат. 

Copyright © 2017 Maral FM