Биз менен байланышыңыз

Чүй: батирден аял кишинин жансыз денеси табылды

Кыска кабар | 3 мая 2020 | 152 | 0

Чүй облусунун Жайыл районунун куткаруучулары Кара-Балта шаарынын 40-лет Киргизии көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1951-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маркумдун жансыз денесин Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жалпысынан 3 куткаруучу тартылган.

Copyright © 2017 Maral FM