Connect with us

Канатбек Исаев президенттик шайлоодо негизги талапкер болорун саясат талдоочулар айтышууда

Кыска кабар | 27 Дек 2020 | 2187 | 1

Канатбек Исаев алдыдагы президенттик шайлоодо негизги талапкерлердин бири болот. Бул тууралуу бир катар саясат талдоочулар билдиришүүдө.

Акыркы убакта, Канатбек Исаев шайлоого катышпайт экен деген маалымат тараган. Бирок, саясатчы бул маалыматты төгүндөп, шайлоонун акырына чейин бара турганын так кесе айтты.

Учурда, талапкер болгон Канатбек Исаев бийликке экономикалык абал, Жетим-Тоо жана Кумтөр кендери тууралуу ачык сын айткан саясатчылардын бири.

«Анын туруктуу позициясы, чечкиндүүлүгү, тайманбастыгы, патриоттуулугу анын саясый рейтингинин жогорулашына алып келди. Саясатчыга таандык негизги сапаттарга ээ болгон Канат Исаевдин тажрыйбасы да аны талапкерлердин сап башында болушуна шарт түзөт», — дешет саясат талдоочулар.

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Канатбек Кедейканович Исаевдин шайлоо фондунун өкүлү Шамшидин уулу Разак аркылуу төлөндү.

КР БШКсындагы каттоо күбөлүгү №14 от 13.11.2020-ж.

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM